Bride of Christ
Language: Кыргызча, Кыргыз тили
hungry4grace (#37)
57 Plays

1. АЛГАН АЯН 19:7-9 (LAS)
Сүйүнөлү, кубаналы жана Аны даңктайлы, анткени Козунун никелешүү убагы келди, Анын колуктусу өзүн даярдады». Ага таза жана жаркыраган зыгыр буласынан кийим кийүүгө укук берилди. Анткени зыгыр кийим – ыйыктардын адилдиги. Анан периште мага: «Жаз: Козунун нике тоюна чакырылгандар бактылуу», – деди. Анан ал мага дагы мындай деди: «Бул сөздөр – Кудайдын чындык сөздөрү».
2. АЛГАН АЯН 21:1-5 (LAS)
Анан мен жаңы асманды жана жаңы жерди көрдүм. Анткени мурунку асман менен мурунку жер жок болгон эле, деңиз да жок болгон. Мен, Жакан, ыйык шаарды – жаңы Иерусалимди көрдүм. Ал күйөөсү үчүн жасанган колуктудай даярдалып, асмандан, Кудайдан түштү. Анан мен асмандан мындай деген катуу үндү уктум: «Мына, Кудайдын жыйын чатыры адамдар менен бирге. Кудай алар менен жашайт, алар Анын эли болушат. Кудай Өзү алар менен болуп, алардын Кудайы болот. Кудай алардын бардык көз жашын аарчыйт. Өлүм деген болбойт. Ый деген, өкүрүк деген, оору деген болбойт, анткени мурункунун баары өтүп кеткен». Анан тактыда Отурган мындай деди: «Мына, Мен бардыгын жаңы жаратып жатам». Анан мага мындай деди: «Жаз, анткени бул сөздөр туура жана чындык».
3. АЛГАН АЯН 22:16-17 (LAS)
Мен, Ыйса, ушуну силерге Жыйындарда күбөлөндүрүшү үчүн, Өзүмдүн периштемди жибердим. Мен Дөөттүн тукумунан чыккан таңкы жарык жылдызмын». Рух менен колукту: «Кел!» – дешет. Муну уккан да: «Кел!» – десин. Суусаган келсин, каалоочу өмүр суусун бекер эле алсын.
4. жазган Жакшы Кабар14:2-3 (LAS)
Атамдын үйүндө орун көп. Эгерде андай болбосо, Мен силерге айтмакмын. Мен силерге орун даярдаганы бара жатам. Барып, силерге орун даярдап койгондон кийин, кайтып келем да, Мен болгон жерде силер да болууңар үчүн, силерди жаныма алып кетем.

Comments